Коопсуздук кеңеши: Кырдаалдын начарлашына жол берилбеши керек

19-июнда болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин чечими менен Саламаттык сактоо министрлигине адистешкен, квалификациялуу медициналык кызматкерлердин резервин түзүү, ыкчам мобилдик бригадаларды жана “Тез жардам” автоунааларынын санын көбөйтүү, жергиликтүү бийлик менен бирге эл көп чогулган жерлерди тиешелүү жабдыктар менен текшерүүнү күчөтүү тапшырылды.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эпидемиологиялык кырдаал начар өлкөлөрдөн келип жаткан кыргызстандыктар үчүн кошумча обсервациялык орундарды уюштурууга жана мунун туруктуу механизмдерин иштеп чыгууга милдеттендирилди.

 

Облустардагы өкмөт өкүлчүлүктөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жол бербөөгө багытталган тиешелүү чечимдерди кабыл алууга, профилактикалык иш-чараларды күчөтүүгө, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды катуу сактоо жөнүндө үгүт иштерин жүргүзүүгө тийиш.

 

Мындан тышкары жергиликтүү бийликтерге өзгөчө кырдаал шартында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузгандарды аныктоо иштерин такай жүргүзүү, коомдук автоунааларга элди 60-70% ашырбай салуу, автоунаада санитардык талаптар аткарылышын көзөмөлдөө милдети тагылды.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч адам 18-мартта аныкталган. Учурда жалпы ооруга чалдыккандардын саны 2789 адам. 1961 адам сакайып кетти. 32 адам оорудан көз жумду.