Түркиялык фонд Бишкектеги 400 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөттү

Түркиялык фонд Бишкектеги 400 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөттү.

Мэриянын маалыматына ылайык, ордо каладаагы Биринчи май районунун

тургундарына азык-түлук топтому берилди. Ага ун, өсүмдүк майы, күрүч, кант,

макарон, буурчак, кондитердик азыктар, коюлтулган сүт жана томат пастасы кирди.

Андан тышкары, турмуштук оор кырдаалга туш болгон 250 балага

жылуу кийимдер тапшырылды.