Түркмөнстанда өзүн жасалма жол менен сулуулаган кыз-келиндер айыпка тартылат

Түркмөнстанда өзүн жасалма жол менен сулуулаган кыз-келиндер айыпка тартылат. Айымдарга ботокс, беттеги бырыштарды тегиздөө, кирпик өстүрүү, эриндерин чоңойтуу, жасалма тырмак өстүрүү процедураларына тыюу салынды.

 

Бул кызматтарды көрсөткөн жасаган адис дагы жоопко тартылат. Талапты аткарбаган сулуулук салондорунун ээлери 15 суткага камакка алынышы мүмкүн. Учурда тартип сакчылар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.