Кыргызстанда доллардын курсу түштөн кийин 2 сомго төмөндөдү

Кыргызстанда доллардын курсу түштөн кийин 2 сомго төмөндөдү. Бул туурасында Valuta.kg сайтында маалымдалат. Бүгүн эртең менен эле долларды сатып алуу 86 сом, сатуу 87 сом болуп жаткан.

 

Ал эми саат 4кө  карата акча алмаштыруу жайларында жана коммерциялык банктарда америкалык валютаны сатып алуу 84 сом, сатуу 85 сомдон болууда. Муну менен учурда Кыргызстанда доллардын куну февралдагы серпилүүлөр башталганга чейинки туруктуу деңгээлине түштү.