Бишкектен Москвага темир жол каттамдары кийинки жылга чейин аткарылбайт

Бишкектен Москвага темир жол каттамдары кийинки жылга чейин аткарылбайт.

 

Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Андан такташкандай, учурда Россия ордо калаасында темир жол шакекчеси толугу менен оңдолуп жаткандыктан, Кыргызстанга гана эмес, башка мамлекеттерге дагы каттамдар токтотулган.

 

Бирок Бишкектен поезддердин Самара, Казань жана Новосибирск шаарларына каттоосуна уруксат берилди. Аталган калааларга поезд менен ушул айдын аягында же майдын башында жетип алса болот.