«Тазалыкта» акчаларды чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

«Тазалык» муниципалдык ишканасынан акча каражаттарын чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө «Тазалык» МИнын Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери жеке кызыкчылыктары үчүн иш жүзүндө иштебеген же кыскартылган жана өлкөнүн чегинен тышкары жайгашкан адамдарга… Кененирээк…

Коррупцияга шектелип “Кыргызкурорттуризмдин” жетекчи орун басары кармалды

Коррупция фактысы боюнча Кыргызстан профсоюздар федерациясына караштуу “Кыргызкурорттуризм” башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган федерацияга караштуу «Кыргызкурорттуризм» башкармалыгынын башчысынын орун басары А.М.Д., 2012-жылдан 2021-жылдар аралыгында Кыргызстан профсоюздарынын Жалал-Абад санаторийинин директору кызматында иштеп жаткан учурунда, мекемеден мыйзамсыз… Кененирээк…

«Кадастр» мекемесинин жетекчиси кармалды

Кызматкерлерден мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги тарабынан кол алдындагы кызматкерлерден акча талап кылуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөнү аныкталды.… Кененирээк…

Жапаров: Коррупция менен күрөшүүдө майнап чыкпай жатат

Коррупция менен күрөшүүдө майнап чыкпай жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынганы менен жылыш жок экенин моюнга алды. Эки жыл ичинде мамлекеттик кызматкерлерге карата 16 миң 600дөн ашык кылмыш иши козголсо, анын 12 миңи… Кененирээк…

Бишкекте коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш өтүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш өтүүдө. Жыйында Акылбек Жапаров Кыргызстан 30 жылдан бери коррупция менен ийгиликсиз күрөшүп жатканын белгиледи. “Паракорчулук бүгүнкү күндө дагы бардык мамлекеттик кызматтарда болуп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатат. 1997-жылдан тарта маморгандарда… Кененирээк…

“Чыгыш электрдин” жетекчилиги 20,4 млн сомду мыйзамсыз сарптаган

“Чыгыш электрдин” жетекчилиги 20 млн сомдон ашуун каражатты мыйзамсыз сарптагандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын кызматкерлеринин эмгек маяналары жогору ѳлчѳмдѳ жана коомдун кѳрсѳткүчтѳрү чыгашалуу болгондугуна карабастан, кызматкерлерге эмгек маянадан тышкары ай сайын сый акы тѳлѳмдѳрү жүргүзүлүп, 2021-жылына карата бекитилген… Кененирээк…

Саламаттык сактоо министрлиги мамлекетке 4,5 млн сом зыян келтирген

Саламаттык сактоо министрлиги пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке 4,5 миллион сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ведомствонун кызмат адамдары 2021-жылдын алты ай аралыгында дары-дармектерди жогорулатылган баада сатып алуу максатында, конкурстардын жыйынтыгын үч жолу негизсиз жокко чыгарган. “Натыйжада, жеңүүчү менен… Кененирээк…

Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, COVID-19 илдетине каршы вакцина сатып алуудагы коррупция фактысы боюнча саламаттык сактоо министринин орун басары У. Бектурганов, Республикалык Эмдөө борборунун директору Г. Ишенапысова жана Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменттинин бөлүм башчысы С. Сатарбековдор… Кененирээк…

Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш иши козголду

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Анда айтылгандай, бир кылмыш иши “коррупция” беренеси боюнча, эки кылмыш иши “опузалап пара алуу”, төрт кылмыш иши “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү”… Кененирээк…

“Түндүкэлектр” Талас филиалынын Манас РЭТнин кызмат адамдары кармалды

Талас облустук прокуратура органдары тарабынан “Түндүкэлектр” ААКнын Талас филиалына караштуу Манас РЭТнин айрым кызмат адамдары коррупциялык аракеттерге баргандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүдө жогоруда аталган мекеменин кызматкерлери Манас районуна караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызмат адамдары… Кененирээк…