Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш иши козголду

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, бир кылмыш иши “коррупция” беренеси боюнча, эки кылмыш иши “опузалап пара алуу”, төрт кылмыш иши “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү” боюнча козголду.

Учурда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип 2-июнда кармалды.