Бишкекте коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш өтүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш өтүүдө.

Жыйында Акылбек Жапаров Кыргызстан 30 жылдан бери коррупция менен ийгиликсиз күрөшүп жатканын белгиледи.

“Паракорчулук бүгүнкү күндө дагы бардык мамлекеттик кызматтарда болуп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатат.

1997-жылдан тарта маморгандарда коррупция боюнча 16 миң 639 кылмыш иши козголгон.

Алардын ичинен 12 миң 69у кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча иштер.

Мындан улам биз коррупция менен жетиштүү деңгээлде күрөшүп, ийгиликтүү жыйынтыкка жетебиз деп ниеттенүүдөбүз”, — деди ал.