Талант Мамытов Россияга расмий иш сапары менен барат

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу МамДуманын төрагасы Вячеслав Володин билдиргенин РИА Новости жазды.

 

Билдирмеге ылайык, төраганын иш-сапары 7-декабрга белгиленген.

 

30-ноябрда, дүйшөмбү күнү, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун пленардык жыйыны онлайн-форматта өттү. Анда Володин Мамытовго кайрылып, көпчүлүк маселелерди 7-декабрда Россиядан жолукканда талкуулашарын белгилеген.