Марадонанын өлүмүнөн улам анын дарыгерине иш козголду

Атактуу аргентиналык футболист Диего Марадонанын жеке дарыгери кокусунан киши өлтүрүүгө барган деп шек саналып жатат. Прокуратуранын буйругу менен дарыгер Леопольд Лукенин үйүндө жана жеке кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү.

 

Тергөө иштери Марадонанын кыздарынын көрсөтмөсүнөн кийин башталды. Алар атасынын өлүмүнө жеке дарыгери күнөөлүү болушу мүмкүн экенин айтышкан.

Легендарлуу футболчу 25-ноябрда жүрөгү кармап, көз жумган. Ноябрь айынын башында анын мээсине операция жасалып, андан соң үйүндө дарыланып жаткан. Тергөөчүлөр «Марадона акыркы күндөрү тиешелүү медициналык жардам алганбы, кайсы дарыларды ичкен жана жеке дарыгери Луке жумасына канча жолу келип турган» деген суроолорго жооп издеп жатышат.

 

Дарыгер 60 жаштагы Марадонага тиешелүү жардамдын баарын көрсөткөнүн айтууда.

 

Диего Марадона — XX кылымдын эң атактуу футболчуларынын бири. Ал Аргентинанын курама командасы, бир катар түштүк америкалык жана европалык клубдар үчүн ойноп келген. Кийинки жылдары машыктыруучу катары эмгектенип келген.

Ал ошондой эле алкогол ичкенди токтотуш үчүн да дарыланып жаткан болчу.