Бишкектин Ала-Тоо аянтында жаңы жыл түнү майрамдык салют атылбайт

Бишкектин Ала-Тоо аянтында жаңы жыл түнү майрамдык салют атылбайт. Мэриядан белгилешкендей, мындай чечим экологиялык себептерден кабыл алынды. Баш тартуудан улам пайдаланылбай калган 800 миң сом башка маанилүү максаттарга жумшалат.

 

Муниципалитет ордо калаадагы экология менен коопсуздукту сактоо максатында тургундарга петардаларды сатып албоо жана колго жасалган фейерверктерди колдонбоону сунуштайт.