Талас облусунда Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө
13 миллион сом багыттоо пландалууда. Сумманын 3 миллиону жасалгалоо
иштерине жумшалса, 10,5 миллион сомун шоуну өткөрүүгө жана фейрверрке
багытталат. Иш-чара “Манас Ордо” улукттук комплексинде өтөт. Анда
“Урааным Манас” аталышындагы театрлаштырылган шоу уюштурулат.
Андан тышкары, көчмөндөр шаарчасы дагы пайда болот.