Президент Садыр Жапаров эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушту

28-январда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин, Эл аралык Түрк Академиясынын, ТүркПАнын, ТҮРКСОЙдун, Европа Бирлигинин, АӨСШКнын, ЖККУнун, КМШнын Аткаруу комитетинин, Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Мамлекет башчы өз сөзүндө Кыргыз өлкөсү буга чейин жетишилген эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге ылайык бардык эл аралык милдеттенмелерди абийирдүүлүк менен аткаргандыгын жана аткарарын баса белгиледи.

 

«Биз чет өлкөлүк өнөктөштөр, эл аралык уюмдар жана каржы институттары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз. Кыргыз өлкөсү прагматикалык, тең салмактуу, көп векторлуу, ырааттуу жана ачык тышкы саясатты жүргүзүүдө. Ошондой эле өз ара түшүнүшүү жана бардык өнөктөштөрдүн кызыкчылыктарын урматтоо принциптерине негизделген. Биз өлкөнү өнүктүрүү, адамдардын жыргалчылыгын жогорулатуу жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», — деди президент.

Мамлекет башчы белгилегендей, Кыргыз өлкөсү КМШга мүчө мамлекеттердин интеграциясын чыңдоого багытталган туруктуу позицияны карманат жана уюмдун алкагындагы кызматташтыктын ырааттуу өнүгүшүн жактайт.

 

«Улуттук экономиканын туруктуу өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана инвестициялардын агымын көбөйтүү керек. Ушуга байланыштуу биз Евразия экономикалык бирлигинин потенциалдуу рыногуна чыгуу үчүн товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдык жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылында толук масштабдуу прогрессти күтүп жатабыз.

Мындан тышкары, ЖККУга мүчө мамлекеттердин жамааттык коопсуздугун камыз кылууга биз абдан кызыкдарбыз. Биз кызматташууга, заманбап чакырыктарга жана глобалдык коркунучтардын бүткүл спектрине ар тараптуу жооп кайтарууга көмөктөшүүгө даярбыз», — деди Садыр Жапаров.

Эл аралык уюмдардын башчылары Садыр Жапаровду президенттин расмий кызматына киришүүсү менен куттукташты. Президенттик шайлоонун жыйынтыктары элдин чоң ишенимин чагылдыргандыгын баса белгилеп, катышуучулар Садыр Жапаров прогрессивдүү лидер болуп, өлкө оң социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетишет деген үмүтүн билдиришти.