Бишкекте 71 эмдөө түйүнү иштеп жатат

Бишкекте 71 эмдөө түйүнү иштеп жатат.

Республикалык штабдан билдиришкендей, эмдөө пункттары

ооруканаларда гана эмес, башка да мекемелерде даярдалды.

Алсак, алар соода борборлордо, сейил бактарда, мектептерде жана

жаңы конуштарда иштеп жатат. Штабдан белгилешкендей,

өлкө боюнча вакцинациянын курсунан толук өткөндөрдүн

саны 201 миңден ашты. Ал эми биринчи дозаны 555 миң адам алды.