Мамлекеттен жеңилдетилген насыяны ишкерлерге берүү эрежеси жөнөкөйлөштүрүлдү

Мамлекеттен жеңилдетилген насыяны ишкерлерге берүү эрежеси жөнөкөйлөштүрүлдү. “Жеке ишкерлик субъектилерин каржылоо” программасына өзгөртүлөрдү өкмөт киргизди.

 

Ага ылайык, каржылык колдоону туризм, жеңил өнөр-жай, фармацевтика, жүк ташуулар, билим берүү, соода жана айыл-чарба тармактарында иш алып баргандар ала алат. Насыялар коммерциялык банктар аркылуу күрөөсүз берилет.