Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар көчкү түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар массасы Рават районуна караштуу Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 87-чакырымында түштү. Кар көчкүнүн өлчөмү 8 миң кубометрди түздү.
Андан улам, жол кыймылына чектөөлөр киргизилген. Атаын техника тартылып, трасса бир тараптуу ачылды. Тазалоо иштери бүгүн дагы уланууда.