Талас районунун Арал айылындагы жаңы мектеп жыл аягына чейин пайдаланууга берилет.
Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси
2 кабаттуу 3 окуу корпустан, спорттук, акты залдан, ашканада, класстардан жана өткөөл
галереядан турат. Объект 450 окуучуга чакталат. Учурда иштер 85 пайызга аткарылды.
Долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 106 миллион сомду түзөт.