Таласта Кара-Буура – Чаткал унаа жолу тазаланып кыймылга ачылды

Таласта Кара-Буура – Чаткал унаа жолу тазаланып кыймылга ачылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, калдыктарды

тазалоо иштери бүгүн да уланууда. Эске салсак, шаршембиде

Шилбили өзөнүнөн сел жүрүп, жайлоого бачу жолду жана мамлекеттик

маанидеги чоң көпүрөнү суу каптаган. Андан улам 30га жакын

унаа токтотулуп, 150 адам райондун борборуна эвакуацияланган.