Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенине барчу жол калыбына келтирилет.
“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, он күндүн ичинде
Кара-Кечеге барчу убактылуу жол курууга жумушчу топ түзүлдү. Маалыматка караганда,
жолго түшкөн ташты тазалоо, электр зымдарын оңдоо, жүк ташууну калыбына келтирүү
боюнча иштер аткарылат. Эске салсак, 17-августта Кара-Кече көмүр кенине барган жолго
таш жана электр устундары кулап, тосулуп калган. Азыр көмүр ташуу иштери токтоп турат.