Кыргызстанга келген AstraZeneca вакцинасы аймактарда кийинки жумада жеткиликтүү болот.
Учурда жеткирүү иштери жүрүүдө. Препарат Бишкекке жана Чүйгө – 10 миңден, Ошко – 6 миң;
Жалал-Абадга, Ысык-Көлгө – 4 миңден, Нарын, Талас, Баткенге – 2 миңден берилет.
Эмдөөнү 2 доза менен 18 жаштан жогорку бардык жарандар ала алышат. Белгилеп кетсек,
AstraZeneca препаратын Оксфорд университети шведдик-британдык
фармацевтикалык компания менен биргелешип өндүрдү.