Новосибирсктен Бишкекке 186 кыргызстандык жаран алынып келди

Новосибирсктен Бишкекке 186 кыргызстандык жаран алынып келди.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, алардын ичинде

кичинекей балдар дагы бар. Бардык учуп келген жарандар бекитилген

тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда.