Ташкентте ИВЛ аппараттарын өндүрүүчү завод ачылды

Ташкентте өпкөнү жасалма желдетүүчү аппарат (ИВЛ) өндүрүүчү завод ишке кирди.

Баасы алты миллион долларга бааланган долбоорду Өзбекстандын инновациялык өнүктүрүү министрлиги чет элдик капиталы бар компаниялар менен бирге ишке ашырууда.

 

Жыл ичинде 500 даана техника өндүрүү пландалып жатат.

 

«Жалпысынан ишканада 100дөй кызмат орду болору пландалууда. Негизи мында ИВЛ аппараттарын оңдоо жана техникалык жактан тейлөө борбору дагы ачылат. Бул завод Өзбекстан үчүн гана эмес, бүтүндөй регион үчүн дагы маанилүү», — деп айтылат кабарда.

Маалыматка караганда, келечекта бул заводдо чыккан техниканын 80 пайызын экспорттоо пландалууда.