Кыргызстанда жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 39 миң тоннадан ашык күйүүчү май керектелет

Кыргызстанда жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 39 миң тоннадан ашык күйүүчү май керектелет. Бүгүнкү күндө бул муктаждык 60 пайызга камсыздалган, — дешти өкмөт аппаратынан.

 

Андан такташкандай, өлкөнүн түштүгүндө күйүүчү-майлоочу материалдын 1 литринин орточо баасы 42-45 сомду  түзсө, түндүктө баалар 39-40 сомдун тегерегинде. Мунай ташуучулар ассоциациясына өлкөнү өз маалында отун менен камсыздоо тапшырмасы берилди.