Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык өнүгүү министр кызматына Аида Исмаилованын талапкерлигин колдогон жок

Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык өнүгүү министр кызматына Аида Исмаилованын талапкерлигин колдогон жок. 38 депутат гана добушун берди. Муну менен конституциялык добуш берүү боюнча комитеттин чечими өткөн жок.

 

Белгилеп кетсек, Исмаилованын талапкерлигин кароо учурунда парламент өкүлдөрү ага карата сын-пикирлерин билдиришти.

 

Алсак, коронавирус менен күрөшүү чаралары жана медицина кызматкерлерине компенсация төлөө маселелери көтөрүлдү.