Түмөнбай Колдошов Маданият жана искусство университетине ректор болду

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп Түмөнбай Колдошов дайындалды. Аталган кабарды Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, ал университеттин жетекчилигине жарыяланган конкурс аркылуу тандалган. Колдошовду дайындоо тууралуу министрдин буйругу чыккан.
Аталган окуу жайдын ректору Мамашарип Чотонов 8-декабрда оорудан улам дүйнө салган.
Белгилей кетсек, Түмөнбай Колдошов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп өткөн жылдын сентябрь айынан бери иштеп келе жаткан. Андан мурун Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжин жетектеген.