Ошто санитардык талаптарды аткарбай жабылган ишканалардын саны 80ге жетти.
Түштүк калаа коменданты Малик Нурдинов билдиргендей, 1-майдан тартып 400гө жакын
ишмердүүлүктү жандандырууга уруксаат берилди. Атайы түзүлгөн комиссия ар бир аймакта
текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле санитардык-карантиндик режимди сактабай,
бет кабы жок калкты тейлеген жактарга 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин айып салынды, — деди комендант.