Тесла компаниясынын негиздөөчүсү Илон Масктын байлыгы бир жумада эле  13 миллиард долларга көбөйдү

Тесла компаниясынын негиздөөчүсү Илон Масктын байлыгы бир жумада эле  13 миллиард долларга көбөйдү. Учурда анын эсебинде дээрлик 2015 миллиард доллар бар.

 

Forbs басылмасынын маалыматына ылайык, АКШнын биржа фонду толугу менен калыбына келгендиктен, дүйнөнүн эң бай адамы дагы байыды.

 

Маск буга чейин ондогон жылдар бою лидер болуп келе жаткан Джефф Безосту артта калтырды. Учурда Амазон компаниясынын жетекчиси 198 миллиарды менен экинчи орунда.