Бишкектин мектептерин карантинге жабуу каралган жок

Бишкектин мектептерин карантинге жабуу каралган жок.

 

Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, буга чейин убактылуу карантинге жабылган мектеп бүгүн кадимки тартипте иштеп баштады.

 

Ордо калаада курч респиратордук вирустар күч алып жаткандыктан, мектептерде күн сайын мониторинг жүргүзүлүп жатат. Балдарда оорунун белгилери пайда болсо, окууга жөнөтпөө керек, — деди чиновник.