Өткөн жылы өлкөгө 1 миллион 918 миң уюлдук телефон импорттолду.
Бул болжол менен 2020-жылга салыштырмалуу 286 миңге аз.
“Тазабек” агенттигинин маалыматына ылайык, акыркы жылда республикага смартфон ташуу көрсөткүчү 13 пайызга төмөндөдү. Кыргызстанга уюлдук тефондор эң көп Кытайдан ташылган – 1 миллион 590 миң, Въетнамдан – 197 миң, Казакстандан 70 миң, Индиядан – 29 миң, Өзбекстан жана Россиядан – 17 миңден телефон алынып келинди.