Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоого 28 миң адам тартылат

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоого 28 миң адам тартылат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, каттоочу болуп 18 жаштан жогорку, физикалык жактан активдүү, кыргыз-орус тилдерин билген жана уюлдук тиркеме менен иштей алган жарандар кабыл алынат.

 

Эске салсак, калкты каттоо ушул жазда өтөт. Кыргызстандыктарга билими, үй-бүлөлүк абалы, жашы, иштеген жери, миграцияда жүргөн жакындары тууралуу суроолор берилет. Аларга үй-бүлөдөн бир эле адам жооп берсе болот.