Той-аштын чыгымын азайтуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

Той-аштын чыгымын азайтуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

 

Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо комитети той-топурларды, маркумду акыркы сапарга узатуу ырым-жырымдарын тартипке келтирүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда кабыл алды.

 

Долбоорго ылайык, үй-бүлө салтанаттары, ырым-жырымдар жана иш-чаралар 100дөн ашпаган адамды чакыруу менен өтөт. Үлпөт тойго 200гө чейин адам катышып, ал бир күндө аякташы керек. Никеге туруу салтанатына үчтөн көп эмес унаа колдонулушу шарт.