Жалал-Абадда селден жабыркагандар чатырларга көчүрүлөт.
Облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев билдиргендей, алгач үй-жайын суу алган тургундарга шарт түзүлөт. Жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү жумуштарына кошумча күч жана техникалар тартылат.
Авариялык абалга келген үйлөрдүн жашоочулары 25 чатырга жана мектептин спорт залына көчүрүлмөй болду. Чаңгыр-Таш айылында 20-июлда болгон сел дамбаларды жарып, 500гө жакын турак-жайды суу каптады. Жеринде жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.