Кыргызстан Кытайга коронавирус менен күрөшүүгө гуманитардык жардам көрсөтүү ниетинде

Кыргызстан Кытайга коронавирус менен күрөшүүгө гуманитардык

жардам көрсөтүү ниетинде. Тиешелүү тапшырманы премьер-министр

Мухаммедкалый Абылгазиев Тышкы иштер, Саламаттыкты сактоо жана

Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине берди. Ошону менен бирге өкмөт

мамлекеттик органдар өлкөдөгү эпидемиалогиялык абалды көзөмөлгө

алууну күчөтүүсү керектигин билдирди. Белгилүү болгондой,

өлкөдө аталган вируска чалдыккандар катталган жок.