Ысык-Көл облусунун Тоң районунда ири ирригациялык долбоор ишке ашат

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда ири ирригациялык долбоор ишке ашат.

“Турмуш” агенттиги билдиргендей, Ак-Өлөң айылында узундугу эки жарым

чакырымга жеткен канал пайда болот. Курулуштун жалпы суммасы 510 миллион сомду түзөт.

Учурда иштин 70 пайызы жыйынтыкталды. Эксплуатацияга берүү ушул жылдын ноябрь айына

белгиленди. Канал өз кезегинде миңдеген гектар жерлерди сугат суу менен камсыздай алат.