Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келет

26-майда Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
«Алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот. Өлкө лидерлери тар жана кеңири курамда эки жана көп тараптуу алаканын актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара кызматташууну жолго коюунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат», — деп билдирди маалымат кызматы.
Мындан тышкары, эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлары да кабарланды.