Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы техникалык өкмөттүн жаңы курамын жактырды

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы техникалык өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги колдоо тапты.

 

Андан тышкары, өкмөттүн аппарат башчысы өз арызы менен кеткени кабарланып, анын ордуна Таалайбек Темиралиев сунушталды.

 

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов көрсөтүлдү. Жаңы өкмөттүн курамы  17-июнда парламенттин жалпы жыйынында каралат.