Германия тургундары бензин кымбаттагандыктан, акырындап ат минүүгө өтүп баштады

Германия тургундары бензин кымбаттагандыктан, акырындап ат минүүгө өтүп баштады. Жергиликтүү аял унаасын токтотуп коюп, ат сатып алды. Буга чейин жумушка 10-15 мүнөттө жетип жүрсө, эми жолго 1 саат талап кылынат.

 

Буга карабай, ал адамдардын бардыгы ат минүүгө өтүшүн каалайт. Анткени, бул транспорттун эң эле экологиялык түрү. Бирок терс жактары дагы бар, мисалы, шаар ичинде аттардын парковкасы жок.