Министрлер кабинети 1 миллиард сом уставдык капиталы менен Туризмди өнүктүрүү фондун түзүү чечимин бекитти

Министрлер кабинети 1 миллиард сом уставдык капиталы менен Туризмди өнүктүрүү фондун түзүү чечимин бекитти.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

10дон ашык маселе каралган жыйында “Манас” театрынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу чечимдер кабыл алынып, уставдык капиталы 1 миллиард сом болгон “Туризмди өнүктүрүү фондун” түзүү чечими жактырылды.