Кыргызстандагы бардык мал базарлар ирээтке келтирилип, асфальт төшөлөт

Кыргызстандагы бардык мал базарлар ирээтке келтирилип, асфальт төшөлөт.

Тиешелүү тапшырманы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттик администрациянын аппараттык кеңешмесинде берди.

Мал базарларда жарандар үчүн жөнөкөй шарттар каралган эмес. Баарын тазалап, асфальт төшөп жана иштин жыйынтыгын билдирүүгө бир ай убакыт берем.

Бул республиканын бардык мал базарларына тиешелүү. Жеке өзүм барып баарын текшерем, — деди чиновник.