Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына курама команданы жөнөтүү маршруту иштелип жатат.
Түз каттам менен кетирүү каралууда. Бирок бардык авиакомпаниялар менен транзиттик шаарлар ачык эмес.
Андан улам эң ыңгайлуу жолу тандалат, — дешти Дене тарбия жана спорт агенттигинен. Жолдомо алган
спортчулар жана алардын машыктыруучулары каттоодон өтө баштады. Даярдыктар планга ылайык уланууда.
Учурда өлкө куржунунда 12 лицензия бар. Кошумчаласак, оюндар 23-июлдан 8-августка чейин Токиодо
чет элдик күйөрмандар жок өтөт. Күтүлгөндөй, ага 200дөн ашык мамлекеттин спортчулары катышат