Быйыл KFU Football Awards сыйлыгын тапшыруу аземи өткөрүлбөйт

Быйыл футбол боюнча жылдын мыктыларын аныктоочу KFU Football Awards сыйлыгын

тапшыруу аземи өткөрүлбөйт. Кыргызстанда футбол боюнча 2020-жылдагы сезондун

премьер-лига, улуттук лига жана Кыргызстандын кубогу мелдештеринин регламенттерине

өзгөртүүлөр киргизилди. Мелдештин форматы жана катышуучулары жаңыланды.

Оюнчуларды каттоо, беттештер эми медициналык регламент жана Футбол

ассоциацияларынын эл аралык кеңеши бекиткен эреже менен өтөт.

Жыйында ошондой эле 8 командадан турган жаңы курам бекитилди.