Футбол боюнча улуттук курама команданын коргоочусу Тамирлан Козубаев
карьерасын Индонезиянын Жогорку Лигасында улантат.
Футбол федерациясынын маалыматына ылайык, Козубаев
«Персита Тангеранг» клубу менен 1 жылга келишим түздү.
Буга чейин ал «Дордой» жана «Алга» клубдарында ойноп келген
Футболчу Кыргыз улуттук курама
командасы менен Азия Кубогунда 4 оюнга катышкан.