Жумгал районунда Түгөл-Суу суу сактагычы калыбына келтирилет.
Район акими Адыл Сапаров билдиргендей, курулуш иштери быйыл старт алат.
Иштер аяктагандан кийин резервуарга 3,5 миллион кубометр суу топтолот.
Бул өз кезегинде 6 айыл өкмөттүн 4 миң гектар айдоо аянты
суу менен камсыздоого шарт түзүлөт. Долбоорго 700 миллион сом керектелет.