Бишкекте республика боюнча өспүрүм балдардын футбол боюнча мелдеши жыйынтыкталды.
Мелдеште 2010-11-жылкы балдардан куралган 16 команда күч сынашты. 2011-жылкы
жаш футболчулар арасында «Дордой» командасы чемпион болду. «Азия Гол» командасы
экинчи орунду ээлесе, үчүнчү сапка «Илбирс» клубу чыкты. Мындан тышкары,
«Мыкты дарбазачы», «Мыкты оюнчу» аныкталып, белектер берилди.