Токмоктогу төрөт үйүнүн кошумча корпусунун курулушу апрелде аяктайт

Токмоктогу төрөт үйүнүн кошумча корпусунун курулушу апрелде аяктайт.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, Чүй облусунун аталган шаардык аймактык

бейтапканасынын төрөт үйү 30 орунга ылайыкташкан. Каражат демөөрчүлөр тарабынан

57 миллион сом бөлүндү. Жаңы имарат заманбап жабдуулар менен камсыздалып,

эки кабаттуу болмокчу. Ичинде лифт дагы каралган. Медициналык мекеменин аймагына

асфальт төшөлүп, көрктөндүрүү иштери жүрөт. Ага мэриядан 1 миллион 200 миң сом бөлүнөт.