Бишкектеги жаңы оорукананын курулуш иштери кызуу жүрүүдө.
Республикалык штабдан билдиришкендей, учурда дубалдардын темир конструкциясы жана
чатырдын фермасы даярдалууда. Учурда объектиде тиешелүү техникалар тартылып жана
50 жумушчу иштеп жатат. Эске салсак, ордо калаада 100 орундуу кошумча жугуштуу
оорулар ооруканасынын курулушу башталган. Имарат тез тургузулуучу конструкция менен салынат.