Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 9,5 миллиард кубометрге жетти.
Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда суунун орточо суткалык агып кириши секундасына 1 миң 300 куб метрден ашса, керектөө беш эсеге аз – 245 куб метрди түзүүдө.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда кургакчыл мезгил уланууда.
Мындан улам жарандарга электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу сунушталат.