Ысык-Көлдө пансионаттар ар бир эс алуучуну каттоого милдеттендирилди

Ысык-Көлдө пансионаттар ар бир эс алуучуну каттоого милдеттендирилди. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

 

Анын айтымында, кардарлардын каттоосун байланыш адамдарды аныктоо үчүн зарыл. Эрежелерди аткарбаган эс алуу үйлөрүнө карата катуу чаралар көрүлүп, объект жабылат, — деди Осмоналиев.

 

Эске салсак, 1-июндан тарта Ысык-Көлдө пансионат жана эс алуу үйлөрүнө санитардык нормаларды сактоо менен иштөөгө уруксат берилген.