Оорунун белгилери байкалган балдар мектепке келбеши керек

Оорунун белгилери байкалган балдар мектепке келбеши керек. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен эскертишти. Ведомстводон такташкандай, учурда өлкөдө, айрыкча Бишкекте эпидемиологиялык абал курчуп жатат.

 

Салттуу форматтагы билим берүүнү улантуу үчүн вируска кабылган, оорунун белгилери байкалган балдар мектепке келбеши керек. Белгилеп кетсек, 2020-21-окуу жылдарында Кыргызстан мектептери толугу менен онлайн форматта иштеп, билим берүүдө чоң артта калуулар катталган.