Кыргызстанда күч түзүмдөрүн каржылоого былтыр 7 миллиард сомдон ашык бөлүнгөн. Каражат аскер кызматкерлерин социалдык, материалдык жактан колдоого, айлыгын көтөрүүгө жана аскер техникасын сатып алууга жумшалган, — деди Садыр Жапаров.
Өлкө башчы белгилегендей, аскердик техника Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бюджеттен сатып алынды.
Эске салсак, 2021-жылы Чек ара кызматынын курамын чыңдоо жана мамлекеттик чек араны бекемдөө үчүн сооттолгон 40 техника сатып алынган. Мындан тышкары, Түркиядан учкучсуз учуучу «Байрактар» аппаратына дагы бюджеттен каражат бөлүнгөн.